super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаарын каржылык көз карандысыз кылууга багытталган мыйзам долбоору депутаттардын колдоосуна ээ болду

 
Бүгүн, 18-декабрда өткөн ЖКнын Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Ош шаары жөнүндө" мыйзам долбоорлору каралды. Бул мыйзам долбоорунун авторлорунун бири депутат Өмүрбек Текебаевдин айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, Бишкек шаары борбор катары каржылык көз карандысыздыкка ээ болот. Шаар чегинде жыйналган каражаттын 35 пайызынан кем эмес бөлүгү калаа бюджетинде калтырылып, анын жумшалуусу шаардык кеңештин көзөмөлүндө жүрөт. Мындай ыкма жергиликтүү калк турмушунун жакшыруусуна өбөлгө түзөт. Мыйзам долбоорунда борбор шаардын мэрине мэрликтин түзүмүн аныктоо жана аны өз мөөнөтүндө бекитүү үчүн шаардык кеңештин кароосуна киргизүү укугу каралган. Мэрликке мэр, биринчи вице-мэр, вице-мэр, шаардын негизги муниципалдык кызматтары менен мэриянын аймактык бөлүктөрүнүн жетекчилери кирет. Мэрлик курамы мэрдин сунуштамасы боюнча шаардык кеңеш тарабынан бекитилет. Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун колдоо менен бирге анын демилгечилерине мэрдин кызматта иштөө мөөнөтүн так аныктоо сунушу айтылды. Жыйынтыгында мыйзам долбоору айтылган сунуштарды эске алуу менен колдоого ээ болуп, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: