super.kg logo
  Саясат  

Украина. Владимир Кличко: “Украинадагы абал жарандык согушка чейин жетет”

 

Бүгүн, 7-февралда америкалык басылмалар украиналык мушкер Владимир Кличконун Украинадагы абал тууралуу пикирин жарыялашты.

Владимирдин пикири боюнча, Украинадагы абал жарандык согушка алып барат.  “Украинадагы абал, тилекке каршы, жарандык согушка алып барат. Көп киши өмүрү менен кош айтышат. Бул кырдаалды оппозиция жөнгө салат деп ойлойм. Келечекте Украина Орусия менен да, Европа менен да тыгыз байланышта болот” дейт ал.

Владимир Кличко Нью-Йоркко америкалык басылмалардын Украинада болуп жаткан окуяларга тереңден аралашуусуна шарт түзүү үчүн барган. Эске салсак, өткөн дүйшөмбү күнү, 3-февралда мушкерди Украинанын Нью-Йорктогу элдик үйүндө диаспоранын 200гө чукул кызматкери “Украинага даңк! Кличко - президент!” деген жалпы колдоо менен тосуп алышкан. “УДАР” партиясынын лидери, Владимирдин агасы Виталий Кличкону президент катары көргүсү келгендерге ал кыска гана “Эл Майдандан кетпейт. Украинага жаңы бийлик, жаңы президент керек” деп жооп кайтарган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: