super.kg logo
  Саясат  

Эркин Алымбеков депутаттык мандатын тапшыруу үчүн БШКга арыз берди

 
Жогорку Кеңештин депутаты Эркин Алымбеков мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Муну депутат өзү 7-февралда журналисттерге билдирди. “Эми депутат эмес, катардагы жаран катары “Кумтөр” маселеси боюнча элдин кызыкчылыгын коргойм”,- деди депутат.

 

Эскерте кетсек, парламентте 5-февраль күнү “Кумтөр” боюнча өкмөттүн меморандуму каралып жатканда Эркин Алымбеков “өлкө кызыкчылыгына жооп бербеген бул келишим парламентте колдоо тапса, мен депутаттыктан кетем” деп билдирүү жасаган эле. Меморандум 6-февралда Жогорку Кеңеште колдоо тапты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: