Эмил Кенжесариевге Казакстандын чемпиондугунун алтын медалы тапшырылды

Кечээ, 6-февралда казакстандык басылмалар маалымдагандай, футболчу Эмил Кенжесариевге Казакстандын чемпиондугунун алтын медалы тапшырылды.
Маалыматка ылайык, курамында Эмил Кинжесариев оюн көрсөтүп келген “Актөбе” футболдук клубу 2013-жылы Казакстандын чемпиону аталган. Сезондун башында берилген арызда Эмил Кенжесариевдин да фамилиясы берилген. Тилекке каршы, 11-августта катталган окуядан кийин комага түшүп, футболдон алыстап кеткен Эмил сезондун аягына чейин ойной алган эмес.
Бул чемпиондук Эмил Кенжесариев үчүн төртүнчүсү. Буга чейин ал 2006-жылы “Астана” футболдук клубунун курамында, 2008-2009-жылдары “Актөбе” клубунун курамында Казакстандын чемпиону аталган.
Кошумчалай кетсек, футболчу учурда Түркияда дарыланууну улантууда. Абалы жакшы экенин казакстандык басылмалар баса белгилешет. Бир жылдан кийин анын майданга кайтары күтүлүүдө. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2025-07-21

9:10
2025-07-21
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
bossmos7

08.02.2014. 03:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! Кыргызстан !Коро албасттарды женишин керек!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.