super.kg logo
  Саясат  

Депутат Райкан Төлөгөнов Бишкек жана Ош шаарларында муниципалдык полиция түзүүнү сунуштады

 
Бүгүн, 18-декабрда ЖКнын Отун-энергетика комплекси жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында "Бишкек жана Ош шаарларынын статусу" тууралуу мыйзам долбоору талкууланды. Талкуу маалында депутат Райкан Төлөгөнов тарабынан Бишкек жана Ош мэрияларында муниципалдык полиция түзүү сунушу айтылды. Депутаттын айтымында, ШИИБ КРнын Ички иштер министрлигине баш ийгендиктен, мэрлер шаардагы абал боюнча жоопкерчилик албай жатат. "Шаар башчыларына мэриянын көзөмөлүндөгү муниципалдык полиция түзүүнү тапшыруу керек. Ошондо мэр шаардагы абалга түздөн-түз жоопкерчиликтүү болот", - деди Төлөгөнов. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: