Жылнаама, 10-февраль: Мындан 28 жыл мурун кикбоксчу Кумар Жалиев туулган

*Мындан 28 жыл мурун, 1986-жылы кикбоксчу Кумар ЖалиевОш шаарында төрөлгөн. Спортко бала чактан эле кызыгып, 8-классынан баштап спортзалга бара баштаган. Ошол күндөн тарта кикбоксингдин үстүндө тынымсыз иштеп, 11-класста Республиканын чемпиону болгон.

*
Мындан 8 жыл мурун 2006-жылы Туринде 20-Кышкы Олимпиада оюндары старт алган. Оюнду Италиянын ошол кездеги ажосу Карло Адзельо Чампи ачкан.

Ошентип, 17 күн Италиянын Турин шаарында 20-Кышкы Олимпиада оюндарынын оту жанып турган.
Оюндарды көрүү үчүн миңдеген күйөрмандар дүйнө жүзүнөн Турин шаарына агылып барышкан. Олимпиадалык оюндардын кожоюндары 2573 спортчу жана ондогон машыктыруучуларды кабыл алып, спорт сарайларын, стадион, база, спорт-комплекстерин, олимпиадалык айылдарын, мейманканаларын куруп, олимпиадачыларды тейлөөчү кызматкерлерди, журналисттерди, техникалык адистерди жана спорт күйөрмандарын жайгаштыруу, аларга шарт түзүү жана башка түмөн түйшүктүү иштерди аткарышкан.
Италияда ушуну менен үчүнчү ирет Олимпиада оюндары өткөрүлгөн. 1956-жылы 26-январдан 5-февралга чейин Кортина`-д Ампеццо шаарында 7-Кышкы Олимпиада өтүп, ага 33 өлкөнүн 924 спортчусу катышкан. 1960-жылы Рим шаарында 17-Жайкы Олимпиаданын оту жанган. Буга дүйнөнүн 83 өлкөсүнөн 5348 (анын 660ы кыз-келин) спортчу катышып, мөрөй талашкан.
Жылнаама толугу менен бул жакта...
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.