Акыркы сутка ичинде республика аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, Ала-Тоо жаңы конушунда турак үйдүн шыбы күйдү
Акыркы сутка ичинде республика аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 10-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Ош облусунда 2, Ысык-Көлдө 1, Баткенде 1 өрт кырсыгы катталган. Өрттүн келип чыгуусуна жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшү, электр жабдууларын колдонуудагы эрежелердин сакталбагандыгы себеп болууда.
Жылытуучу мештерди колдонуудагы эрежелердин сакталбагандыгынан улам Ала-Тоо жаңы конушундагы турак үйдүн бир бөлмөсүнүн шыбы күйгөн. Өрттөн жабыркагандар болгон жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.