super.kg logo

Милиционерлерге ок чыгарган кылмышка шектүүлөр тууралуу алгачкы маалыматтар айтылды

 
Боом капчыгайында кылмышкерлердин огунан каза тапкан Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери прапорщик Бакыт Абдраевдин артында үч баласы калды.

Кечээ, 9-февралда Ысык-Көл облусунун Боом капчыгайында милиционерлерге ок чыгаргандар жөнүндө алгачкы маалыматтар айтылды. Балыкчы ШИИББи жана Ысык-Көл ОИИББинин 10-февралда берген маалыматына ылайык, кылмышка шектелип кавказ улутундагы 25-30 жаштагы эки адам изделүүдө.

Кечээ, 9-февраль күнү саат 17:00 чамасында күч органдары тарабынан тез ылдамдыкта бара жаткан BMW үлгүсүндөгү кара түстөгү 87-87 BW мамлекеттик номурлуу унаа токтотулган. Бирок алар качып кетишкен. Милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкери аларды кууп барып Тоң районунун Көк-Мойнок айылы тараптан токтотушкан.

BMW унаасынан кавказ улутундагы 25-30 жаштагы эки адам чыгып, жол-кайгуул кызматынын инспекторуна ок чыгарышкан. Милиция кызматкери алардын бирөөсүн күчкө салып жерге жаткызганда, экинчиси анын желкесине аткан.

Кылмышка шектелгендердин унаасы жүрбөй калып, алар ошол эле жерден Ауди-А6 үлгүсүндөгү Е50-78В мамлекеттик номурлуу күмүш түстүү унааны токтотушкан. Айдоочуну жана жүргүнчүлөрдү курал менен коркутуп, унааны айдап кетишкен. Алар калтырып койгон унаанын ичинен кара түстүү жасалма чач, кара түстүү бет кап жана бүктөлмө бычак (маки) табылды. 

Натыйжада Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, прапорщик Бакыт Абдраев каза болуп, Аскарбек уулу Таштан жараат алган. Маркум Бакыт Абдраевдин артында үч баласы калды.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдү издөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
10.02.2014. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ким атса дагы кудайым жазасын берсин.
10.02.2014. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушул прапорщиктер кууп жеткен адамдарга ээми мамлекет кууп жетпей калса уят. кыраан жигиттерди кавказдара аттырып алып отуруп калабызбы ээми.?
10.02.2014. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кинодогу боевик сыяктуу болгон го. буларды тезинен жазалаш керек.
10.02.2014. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Буларды жон эле койуш керек, кармабай. Батукаевтин балдары болушу мvмкvн. Демек азыркы бийлик колдогон кылмыштуу топтун мvчолорv. Кармасанар деле барыбир убара болосунар. Кайра эле чыгып кетишет алар.
10.02.2014. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
bazar, Жоок алар Максимдин досу же Жаыштын тууганы алда болбосо таанышы.же Мырзакматвко тиешеси жокбекен.ха хаха азыр ушундай моода эптеп озудору суудан курук чыгыш керек.аларды табып туура иликтеп жазалаш керек.
10.02.2014. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Булар бутундой КЫРГЫЗДЫ атканы биздин жерде журуп алып. КЫРГЫЗДЫ сыйлабаганы ит аткандай атып. КЫРГЫЗСТАНДА ментпи,бомжбу бутундой КЫРГЫЗДЫ сыйлашы керек болок улуттар.
Модератор admin_superstan түзөттү 10.02.2014 14:09
10.02.2014. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Mirlan5, провокацияга жол берилбейт. Билдирүүңүз түзөтүлдү.
10.02.2014. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аларды тутуп ок чыгарган колун чаап салыш керек.
10.02.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ал машина Токтогулдан табылганын айтып жатышат, ал эми Жалал-Абадда кучотулгон режим киргизилди, бирок Ош жана Баткен облустарына чейин каттуу текшерууну уюштуруу керек, кечээ саат бештерде болсо, машинаны токтотпой каттуу айдаса мумкун Ош тарапка отуп качкандыр же башкаларга машинаны айдатып коюп оздору Бишкек тарапта чыгып кетууго аракет кылган болуп журбосун, кылмышкерлер а то ото хитрий болушат.
10.02.2014. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
уч баласына жубайына жана жана жакын туугандарына кыдайым сабыр берсин.бирок буга окшогондордун канчасы жазаланбай журот кудай озу жазасын берсин!!!
10.02.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оз жерибизде да тынч жашай албайт окшойбуз.
10.02.2014. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
kyrgyzstan13, башкалардын улутун кемсинткениңиз үчүн 5 күн БАН!
10.02.2014. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bakyt abdraevdin jakyndaryna jana baldaryma teren kaigiruu m.n konul aitam kairat kylynyzdar jakyndaryn jogotkon kandai ekenin jaksy bilem jatkan jeri jailuu topuragy torkoo bolsun
10.02.2014. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул да,закон менен бийликтин алсыздыгы. Кылмышкерлер каалагандай тайраландап,эркин журушот.
10.02.2014. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тапанчасыз чыккандын кесепети!!!
10.02.2014. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арты кайрылуу болсун башка эмне дейбиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: