super.kg logo

Боом капчыгайындагы кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү такталып, бирөөсү психикалык жактан оорулуу экендиги аныкталды

 

Бүгүн, 10-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына “Боом капчыгайындагы кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү такталып, бирөөсү психикалык жактан оорулуу экендиги аныкталды деп билдирди. 

“Алардын бири - Чүй облусунун Жаңы-Жер айылынын тургуну Магомедов Заур Мухтарович, 1986-жылы туулган. Ал психикалык жактан оорулуу. Экинчиси – Арчаев Бердимурат Нурбердиевич, 1971-жылы Жалал-Абад облусунун Кербен айылында туулган",- деп маалымдайт ИИМ.

Эскерте кетсек, 9-февраль күнү саат 17:00 чамасында күч органдары тарабынан тез ылдамдыкта бара жаткан BMW үлгүсүндөгү кара түстөгү 87-87 BW мамлекеттик номурлуу унаа токтотулган. Бирок алар качып кетишкен. Милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкери аларды кууп барып, Тоң районунун Көк-Мойнок айылы тараптан токтотушкан.

BMW унаасынан кавказ улутундагы 25-30 жаштардагы эки адам чыгып, жол-кайгуул кызматынын инспекторуна ок чыгарышкан. Милиция кызматкери алардын бирөөсүн күчкө салып жерге жаткызганда, экинчиси анын желкесине аткан.

Кылмышка шектүүлөрдүн унаасы жүрбөй калып, алар ошол эле жерден Ауди-А6 үлгүсүндөгү Е50-78В мамлекеттик номурлуу күмүш түстүү унааны токтотушкан. Айдоочуну жана жүргүнчүлөрдү курал менен коркутуп, унааны айдап кетишкен. Алар калтырып койгон машинадан кара түстүү жасалма чач, кара түстүү бет кап жана бүктөлмө бычак (маки) табылды. 

Натыйжада Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, прапорщик Бакыт Абдраев каза болуп, Аскарбек уулу Таштан жаракат алган. Маркум Бакыт Абдраевдин артында үч баласы калды.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдү издөө уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
10.02.2014. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде баары крим афторитеттер психикалык оору менен оруйт кыргызстанта соо адам барбы ыя
10.02.2014. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
кино болуптурго
10.02.2014. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
бул да бир женилдик
10.02.2014. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Браво эми эле оорукчан болуп калыптыр да,соз жок

10.02.2014. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
temirlan85, кимдир бирөөнүн кадыр баркына шек келтирген билдирүүлөргө, далили жок жалаа жабууга тыюу салынган!
10.02.2014. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шектүүлөр кармоо учурунда тапанчадан ок атып каршылык көрсөткөндүгү үчүн экөө тең жок кылынды.
10.02.2014. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми эле кам коруп жатат ал жан кечтилерге . камабай россияга качырганга .
10.02.2014. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bizde chornyilardin baari psihikalik jaktan ooruluu soosu jok eger bir baikushtun uulu bolgondo chynynda ele ooruluu bolgonuna karabai turmodo chirimek ozu kgde akchasy barlar ele jashash kerek akchasy joktor bizchilep tentip ketish kerek
10.02.2014. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алар бир кылмыш кылганы кетип жатышкан болсо керек , менимче булар заказной убийство менен иш кылышкан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: