super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаардык муз аянтчасында балдарга арналган Жаңы жылдык кайрымдуулук иш-чара болуп өттү

 
Бүгүн, 18-декабрда Бишкек мэринин демилгеси менен шаардык муз аянтчасында Жаңы жылга карата "Шаардык муз аянтчасындагы муз фантазиясы" аттуу кайрымдуулук иш-чара болуп өттү. Иш-чарага баш калаадагы ата-энесиз балдар, балдар үйүнүн тарбиялануучулары, мэрия өкүлчүлүгү катышты. Балдарга Аяз ата менен Аяз кыз майрамдык белек тартуулашты. Андан соң Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Усубакунова катышуучуларга бекем ден соолук, бакыт, ийгилик каалады. "Ар бир адам ичинен Жаңы жылда ойлогон максаттары орундалышын каалайт. Биз бүгүн ошол максаттардын бирин ишке ашырууга аракет кылуудабыз. Бүгүн силерге музда ойноого мүмкүнчүлүк түзүлүүдө" деди вице-мэр.     





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: