super.kg logo
  Саясат  

Бүгүнтөн баштап Казакстан Кыргызстанга жаратылыш газын жетиштүү өлчөмдө бере баштайт

 

Бүгүн, 19-декабрдан баштап "КазТрансГаз" АКсы Кыргызстандын түндүк аймагына жаратылыш газын жетиштүү өлчөмдө бере баштайт. Кечээ, 18-декабрь күнү өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Казакстандын премьер-министри Серик Ахметов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Жыйынтыгында эки тарап келишип, Казакстан 19-декабрдан баштап газга чектөө киргизбей, жетиштүү өлчөмдө бермей болду. Эске салсак, 14-декабрь күнү "КазТрансГаз" АКсы газга чектөө киргизип, Кыргызстандын түндүк аймагында газдын көлөмү 30 миң метр кубга чейин түшүп кеткен. Ошондой эле Бишкек шаарындагы ЖЭБге газ берүү токтотулуп, айрым абоненттер газсыз калышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: