Нурлан Жумашев: “Өткөн жылы Кыргызстанда 171 милиция кызматкери кылмыш жазасына тартылган”
Кыргызстанда 2013-жылы 171 милиция кызматкери кылмыш жазасына тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Жеке коопсуздук башкармалыгынын башчысы Нурлан Жумашев билдирди.
Анын айтымында 26 кызматкер пара алуу учурунда кармалган. “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча – 62, уурулук жана бейбаштык менен - 15, баңгизаты менен байланышкан кылмыштар – 14, кыйноолор боюнча 7 милиционер жазага тартылган.
Мындан сырткары Кылмыш-жаза кодексинин нормаларын сактабаганы, мас абалында унаа айдоо, жасалма документтер жана башка мыйзам бузууларга туш болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлерине бир катар чаралар көрүлгөн.
Ошондой эле 2013-жылы 125 кызматкер жумуштан айдалып, 153ү убактылуу иштен четтетилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
maks83

10.02.2014. 20:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мыйзам чала иштейт да бизде даана иштегенде 1701 милиция жоопко тартылмак
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.