super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстан парламенттеринин достук жана кызматташтык топторунун жолугушуусу өтөт

 
Бүгүн, 19-декабрда Бишкек шаарына Тажикстандын Оли Мажилисинин Намояндоган Мажилисинин делегациясы келет. Тажикстандын парламенттик делегациясы эки өлкөнүн парламенттеринин достук жана кызматташтык топторунун 2-жолугушуусуна катышмакчы. Эртең, 20-декабрда Тажикстан парламентчилери ЖКнын жыйындар залында болот. Ушул эле күнү эки өлкөнүн достук жана кызматташтык боюнча парламенттик топторунун жолугушуусу болуп, кыргыз тараптан Тажикстан парламенти менен достук тобунунун жетекчиси Назарали Арипов, депутаттар Токон Мамытов, Жусубали Исаев жана Нурбек Мурашев катышмакчы.Тажикстан парламентинин делегациясынын курамында Оли Мажилисинин Намояндоган Мажилисинин төрагасынын орун басары Мирганд Шабозов, Социалдык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Хайринисо Юсуфи, Коргоо, коопсуздук жана укук тартиби маселелери боюнча комитетинин мүчөсү Сайфулоо Гиеев, Мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетинин мүчөсү Турахон Самадов, Илим, билим берүү жана жаштар саясаты боюнча комитетинин мүчөсү Лутфилло Саидмурадов, Агрардык саясат жана экология боюнча комитетинин мүчөсү Олимжон Сафаров бар. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: