Акыркы сутка ичинде республика аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, Талас облусунда бир адам каза болду
Акыркы сутка ичинде республика аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 11-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 1, Талас облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Өрттүн келип чыгуусуна жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшү, электр жабдууларын колдонуудагы эрежелердин сакталбагандыгы себеп болууда.
Талас облусунда бир адам түтүнгө ууланып каза тапты. Анда турак үйдүн бөлмөсүндө өрт чыккан. Өрттүн чыгуусуна тиричилик электр шаймандарын колдонуудагы эрежелердин сакталбагандыгы себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.