super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Чаткалда кыргыз-өзбек чек арасы текшерилүүдө

 
Чаткалда "өзбек чек арачылары кыргыз тарапка жылып алды" делген жерди ушу тапта райондук комиссия текшерип жатат. Буга чейин жергиликтүү тургундар Өзбекстан Кыргызстандын аймагына 300 метрдей кирип, 200дөй чакырым тилке жана корук убактылуу кайтарылбай калганын айтып, парламентке кайрылган болчу. Чек арачылар шарттын жоктугунан суук түшкөн маалда тозотту айылга көчүрүп келүүгө аргасыз экенин айтышууда. Чаткал чек ара тозоту, негизинен, Өзбекстан менен чектешкен 220дай чакырым жерди кайтарат. Ала-Букадагы чек ара аскер бөлүгүнүн ордо зардалысы Кыялбек Төлөнбаевдин айтымында, өзбек аскерлери өздөрүнүн туругуна каттаганда Кыргызстандын аймагында Совет доорунда курулган көпүрөнү колдонушат. "Кошуна өлкөнүн чек арачылары жылып алышты" деген сөздөр ушуга байланыштуу чыгып жатат. Жазында өзбек чек арачылары Чаткал коругундагы токойчуну кармап кетишкен. Ушундан улам токойчулар да баруудан коркуп, корук кайтаруусуз калды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: