Боомдогу кылмышка шектүү Заур Магомедов дарыланган психиатриялык оорукананын кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Боомдогу кылмышка шектүү Заур Магомедов дарыланган Кызыл-Жардагы психиатриялык оорукананын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда маалымат жыйынында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
Анын айтымында, Заур Магомедов 2010-жылдан 2012-жылга чейин Казакстандын Талгар шаарындагы психиатриялык ооруканада дарыланган. Андан соң ал Кыргызстанга экстрадицияланып, Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканага жаткырылган.
"Ушул убактын ичинде Магомедов ооруканадан оңой эле чыгып, Кыргызстандын аймагында эркин жүргөн. Анын кадамдары көзөмөлгө алынган эмес. Мындан улам Кызыл-Жардагы психиатриялык оорукананын кызматкерлерине "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш иш козголду",- деди Мамбеталиев.
Эскерте кетсек, 9-февралда саат 17:00 чамасында Тоң районунун Көк-Мойнок айылында күч органдары тарабынан BMW үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок алар ага болбой качып кетишкен. Милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкери аларды кууп барып токтотушканда, BMW унаасынын ичиндеги белгисиз адамдар аларга ок чыгарышкан. Натыйжада бирөөсү каза болуп, экинчиси жараат алган. Кылмышка шектелгендердин унаасынын дөңгөлөгү жарылып калгандыктан, ошол эле жерден башка Ауди үлгүсүндөгү унааны тапанча менен коркутуп токтотушуп, айдап качып кетишкен. 10-февралда Токтогул шаарынан чыга бериш жердеги “Бабур” кафесинин жанында өлтүрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Жардагы психиатриялык
ооруканага бекеринен которулган эмес.Кыргызстанда акча берип ээн-эркин журоберетда. Рафик Мамбеталиев эмне буга чейин анын каракчылык менен тапкан 50000$ билген эмесби?!Эми ал олгондон кийин врачтарга иш козгойт имиш.Батукаевдей эле болуп жатат да,кеткенден кийин кайра алып келебиз дегендей.