Ички иштер министрлиги: Учурда кылмышкерлердин арасында "жасалма оорукчандар" көбөйдү

Бүгүн, 11-февралда маалымат жыйынында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматчысы Жоробай Абраимов "учурда Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө кылмышкерлер психиатриялык ооруканалардан алган "акыл-эсинен жабыркандыктан, аракетке жөндөмсүз" деген маалымдама менен жаза өтөбөөгө аракет кылышат" деп билдирди.
Автор: Нургазы Аматов
"Маселен, Боомдогу кылмышка шектүү Заур Магомедов Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканада дарыланып жаткан учурда да кылмыштуулук менен алектенип жүргөн. Ал 2013-жылы шериги менен кылмышка барып, тапкан 50 миң долларына БМВ үлгүсүндөгү унааны сатып алган. 2014-жылдын 9-февралында Караколдо пландалган кылмышы ишке ашпай калып, Бишкекке бара жатканда жол-кайгуул кызматкерлери менен акыркы окуяларга туш болгон",- деди Жоробай Абдраимов.
КРнын Кылмыш-жаза кодексинде "кылмыш иши козголгондон кийин медициналык экспертиза өткөрүлөт" деп белгиленген. Эгер экспертизанын жыйынтыгында кылмышкер акыл-эсинен жабыркаган болсо, ал психиатриялык ооруканадан дарылоого жөнөтүлөт. Ага байланыштуу кылмыш иши токтотулат.
Эскерте кетсек, 9-февралда саат 17:00 чамасында Тоң районунун Көк-Мойнок айылында күч органдары тарабынан BMW үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок алар ага болбой качып кетишкен. Милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкери аларды кууп барып токтотушканда, BMW унаасынын ичиндеги белгисиз адамдар аларга ок чыгарышкан. Натыйжада бирөөсү каза болуп, экинчиси жараат алган. Кылмышка шектелгендердин унаасынын дөңгөлөгү жарылып калгандыктан, ошол эле жерден башка Ауди үлгүсүндөгү унааны тапанча менен коркутуп токтотушуп, айдап качып кетишкен. 10-февралда алар Токтогул шаарынан чыга бериш жердеги “Бабур” кафесинин жанында өлтүрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(8)
KGZ_777

11.02.2014. 16:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Oshoda kylmywty kylgandan kiin ushitip ele psih,jindi bolup chyga kelishetta.Akcha,taanyshtyn kuchu m.n.Dagy jakshy Boomdogu kylmyshkerler olturulup jazalaryn alyshty,olboi kalyshsa dagy sotton ushintip psih,kele soo chalysh degen shyltoo m.n jazasyn albai kalyshat bele,kim bilet....
toobaldaru

11.02.2014. 17:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кылмышты кылганга мээлери жетип,акча топтоого мээлери жетип,машина алганга башы иштеп жаткан кылмышкерлерге "оорулуу" деп жазадан куткаруунун жолун таап бергендерди Гиппократтын анты урсун!!!
Medina95

11.02.2014. 17:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"оорукчан" деп кылмышкерлерди этегне жашырып жаткандардын артын жакшылап казыш кереек да,коррупцияга чомуп кеткендер ошентет. Акматбек Келдибеков да куландан соо журуп эле,ооруп СИЗОго баргысы келбей калды,эн оор кылмышкер Батукаевди да "оорулуу" болчу деп шылташты.Эми муну да ошентип...
infiniti

11.02.2014. 17:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эле оорукчан. Деги эле соо адам калбагандай.))
baktiyar73

11.02.2014. 18:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оорукчандарды тезирээк чыгарыш керек, болбосо олуп калат. Турсунбек мырза жакшы диагноз койот андайларга. Йиххууу...!
samat-91

11.02.2014. 18:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кавказдык чычым го
Stalker-007

11.02.2014. 18:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошончолук эле жинди,псих болуп калса кылмышкер "оорукчандарды"жиндикана ачып дарылаш керек.
barsa1984

12.02.2014. 06:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болуп эле келген корунуш да,эмнеси жанылык.? Чиновниктерибизди деле камап койгондо, же кылмыш ишин ачып баштаса эле "ооруп" калып жатпайбы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.