super.kg logo

Дастан Бекешев, ЖКнын депутаты: “Адамга акча эч качан жетиштүү болгон эмес, болбойт дагы”

 
Дастан Бекешевдин көзүнө кичинесинде 2 жолу операция жасалып, бирок жыйынтык чыккан эмес. Сүрөттө ата-энеси менен.
Дастан Бекешевдин көзүнө кичинесинде 2 жолу операция жасалып, бирок жыйынтык чыккан эмес. Сүрөттө атасы менен.
Депутаттын бала кезинен...
Жубайы Кундуз менен
Дастан Бекешев менен Түркиянын президенти Абдулла Гүлдүн жолугушуусу
Бекешев шахмат боюнча спорт чеберине талапкер.
Мектеп окуучулары жана студенттер менен тыгыз иштешет. Депутаттын демилгеси менен жаштар парламент жыйындарына катышып, Жогорку Кеңештин иши менен таанышат.
Жарандар менен жолугушуу маалында
Мектеп окуучулары жана студенттер менен тыгыз иштешет. Депутаттын демилгеси менен жаштар парламент жыйындарына катышып, Жогорку Кеңештин иши менен таанышат.
Бекешев Монголиянын президенти менен
Жогорку Кеңештеги жаш жана активдүү депутаттардын бири.

Жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пулду көтөрүү, чиновниктердин компанияларын мамлекеттик тендерлерге катыштырууга тыюу салуу сыяктуу олуттуу демилгелер менен Жогорку Кеңешке жаш муундун атынан үн кошуп жаткан депутат Дастан Бекешев менен маектештик. Жаңыча ой жүгүртөт, интригадан алыс. Көзү азиз экенине карабай кесиптештерине тең тайлаша иштеп жүрөт. Депутаттын жетишкендиктери, артта калган тоскоолдуктары тууралуу сөз болот.

Туулган жылы, күнү – 1983-жыл, 22-ноябрь

Туулган жери – Бишкек шаары

Билими – Кыргыз-Орус Славян университети, юридика факультети

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы

Учурда – “Ар-намыс” фракциясынан депутат

Шахмат боюнча спорт чеберине талапкер

“Мен депутат болгондо, өмүрү көрбөгөн "туугандарыбыз" пайда болду”

- Кыргыз-Орус Славян университетин кызыл диплом менен аяктап, ишти Бишкектин Биринчи Май райондук салык инспекциясында юрист болуп иштөөдөн баштагам. 1 жылдай иштеп, Экономика министрлигине адис катары жумушка орноштум. 2008-жылы аталган министрликке Акылбек Жапаров жетекчи болуп дайындалды. Менин “Ар-намыс” партиясына кирип калышым да ошол киши менен байланыштуу. 2010-жылы парламенттик шайлоонун алдында бир нече партиялар менен сүйлөштүм. Акча сурашты, менде кайдагы акча? Акылбек Жапаров “Ар-намыска” кошул, тизмеде 10-орунда болосуң” деп кепилдик берди. Менин билимимди, каржылык дареметимди Жапаров жакшы билчү.

Ошентип, депутат болдум. Анан мен өмүрү укпаган, көрбөгөн “туугандарым” пайда боло баштады. Жети облустан "туугандарыбыз" чыга келишти. Таң калбадым, анткени бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Адам ийгиликке жетишсе, “ушунун арты менен пайда таап калайын” дегендер сөзсүз чыгат. Кызыгы, ал “тууганбыз” дегендер азыр жок. Ачык эле айттым, “жардам бере албайм, ишке орношом десеңер сынактарга катышкыла” деп. Айрымдары кээде чалып калышат, "10 миң сом берип тур", "5 миң доллар карызга берип турчу" дешип, мен сейфке акчаны басып койгонсуп (күлүп). Туура түшүнүш керек, "депутаттар бай" же "байлар менен байланыштары бар" дегендер көп да.

“Сунуштаган мыйзамдарым өтсө, өзүмө ыраазы болом”

- "Парламентте мындай ийгилик жаратып жибердим" деп мактана албайм. Ишиме эртеби-кечпи, эл өз баасын берет, а мен иштей беришим керек. Албетте, сунуштаган мыйзамдарым парламенттен өтсө, анын аткарылышы жакшы болсо, жок дегенде бир адамга пайдам тийгидей иш кылсам, өзүмө ыраазы болом. Жакында Салык кодексине өзгөртүү киргизип, тамекиге акциздик салыкты көтөрдүк, ломбардга салыкты жогорулаттык. Бюджетке кошумча каражат түшө баштады, ал акчалардын эсебинен быйыл милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлгөнү жатат.

Жаман көргөнүм - иш күнүм бошко кетип, бир жыйынтык чыкпай калганы.

Мурда министрликте иштегендиктен, мыйзам жазуу жагынан тажрыйбам бар. Бул процесс мага жат эмес. Албетте, айрым татаал маселелер боюнча мыйзам даярдоодо оорчулуктар жаралат, эксперттерди таап, эсептөөлөрдү жүргүзүш керек болот. Бирок мунун баары колдон келе турган жумуш, аракет гана керек. Моюнга алыш керек, кээ бир юридикалык билими жок депутаттар мыйзам жазып, жыйынтыгында ал мыйзам башка мыйзамдарга карама-каршы келип калат. Ошон үчүн терең талдоо маанилүү.

“Адамга акча эч качан жетиштүү болгон эмес, болбойт дагы”

- Жеке бизнесим жок. Саясатка аралаша электе “таза, коррупцияга аралашпай иштейм” дечүмүн. Эми “Ошентип иштесе болот бекен?” деген суроого жооп: Мамлекеттик жогорку кызматтарда иштегендердин: депутаттардын, министрлердин, судьялардын айлыктарын жогору кылып койсо, коррупциясыз, таза иштесе болот. Учурда 50 миң сомдун тегерегинде айлык алам. Албетте, жетиштүү деп айта албайм, бирок жашаса болот. Акчаны жетиштүү деп эч ким айта албайт, акча эч качан ашыкча болбойт. Үй куруш керек, үйлүү болгондон кийин машина алыш керек. Машинадан кийин дагы бир нерсеси чыгат. Адамдын табияты өзү ушундай да.

“Эски саясатчылар башкача ойлонушат...”

- Депутаттык кызмат мени такшалтты. Бир катар интригалардан кийин дос менен касты айырмалоого көндүм. 2011-жылы биздин фракцияда келишпестиктер чыкканда депутат болуп калганыма өкүнгөн учурлар болду. Биринчи жолу депутат болуп шайланып келсем, көп нерсени билбейм да. Интригасы жок иштеген жакшы, бирок эски саясатчылар башкача ойлонушат. Алардын саясаты - согуштун бир үлгүсү. Кээде алдайсың, кээде интригага жол бересиң, айтор... Кээде айткың келип жаткан сөздү айтпай, тилди тиштегенге туура келет.

“Кыргызстан өнүксүн десек, ар бирибиз салым кошолу”

- Кыргызстандын келечегине ишенем. Өлкөнүн өнүгүшү үчүн ар бир жаран салым кошуусу керек. Кыргызстан – чоң үй. Үйүбүзгө кандай мамиле жасайбыз? Тазалайбыз, актайбыз, сырдайбыз. Өлкөгө да ошондой мамиле керек. Жок дегенде көчөгө таштанды ыргытпа, көрүнгөн жерге түкүрүнбө дегендей. “Өлкө коррупцияга батып калды” деп кыйкыра берген менен көп нерсе өзгөрбөйт. Андан көрө ар бирибиз колдон келген салымыбызды кошолу.

“Бир жыл мурун кыздуу болдум. Бул да мен үчүн ийгилик”

- Жеке жашоодогу ийгилигим – бир жыл мурун кызым төрөлдү. Мен үчүн бул чоң жетишкендик. Кызым мага абдан жакын, эрмегим. Келинчегим экөөбүз 2012-жылы таанышканбыз. Мындай болду. Бир жолу мага баласынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бир адам жардам сурап кайрылды. Мен ага жардам берүү үчүн кайрымдуулук акциясын өткөрмөкчү болуп, социалдык тармактан “ким акчалай колдоо көрсөтө алат, келгиле, балага жардам берели” деп жаздым. Бир кыз “мен компьютер алып берейин, сиз жеткирип берип коюңуз” деп жооп жазды. Бул мага жагымдуу болду. Ушундай боорукер адамдардын бар экенине ыраазы болдум. Бир чети "мени сынап жазып жатабы..." деген да ойлор келди. Ошентип таанышып калдык. Анан бир-эки ай сүйлөшкөндөн кийин “экөөбүз бирге бололу” деп сунуш киргиздим, ал макул болду. Таластын кызы, аты - Кундуз. Америкада окучу, аягына чыкпай калды. Кесиби - психолог, учурда кызыбызды карап үйдө. Жубайым жумушума такыр кийлигишпейт. Ушунусу жакшы да, эгер ишиме кирише берсе, ортодо конфликт жаралышы мүмкүн.

“Кудай берген колу-бутум бар, башым иштейт, ишсиз калбайм”

- Жубайым экөөбүз келечек жөнүндө көп сүйлөшөбүз. "Кандай жашайбыз, мен парламентке өтпөсөм эмне кылабыз?" деген сыяктуу сөздөр да. Кийинки шайлоодо парламентке өтпөсөм деле жумушсуз калбайм. Башым иштейт, Кудай берген колу-бутум бар. Депутат болбосом деле өлкөгө салымымды кошо берем. Эң башкысы, жалкоолонбош керек. Дээринде жок адамга канча акыл айтып, жол көрсөтсөң деле, баары бир мээнеткеч болуп кетпейт. Мен ушуну түшүндүм.

“Жок дегенде жарыкты көрсөм дейм”

- Лондон, Парижди көрүүнү кыялданбайм. Кудайым берсе, жок дегенде жарыкты көрсөм дейм. Ошол мага чоң кубаныч болмок. Акчаң болсо дүйнөнү кыдырасың. А көзүң көрбөсө жашоо кыйын эле. Миллиондор, миллиарддар жардам бере албайт.

“Интернет колдонуучулары менен дин, гейлер жөнүндө көп талашып-тартышам”

- Компьютер жана уюлдук телефонду атайын программанын жардамы менен колдоном. Атайын сүйлөй турган программалар бар. Интернет колдонуучулары менен талашып-тартышуулар, дискуссиялар болот. Чындыкты айтсаң кээ бирөөнө жакпай каласың. Мисалы, дин боюнча пикир келишпестиктер болот, Кудайга ишенип жашаш керек, бирок диндин фанаты болуу туура эмес. Акыркы убакта гейлер боюнча талкуу күчүндө. Аларга тыюу сала албайсың, болгону аларды пропагандалоого тыюу салынышы керек. Алар ачыкка чыкса, баарыбызга көйгөй жаратары турган иш.

“Алдына максат койгон жана көп иштеген адам ийгиликке жетет”

- Ийгиликке жетүү үчүн сөзсүз максат болуш керек. Максаты болбосо, адамда алдыга умтулуу болбойт. Мисалы, учакты алалы. Аэропорттон учурда коно турган жерине жетүүнү максат кылат. Адамда деле ушундай, бир нерсеге жетүүгө сөзсүз умтулуш керек. Кыйынчылыктар болгондо депрессияга түшпөй, жеңе билүү зарыл. Көп изденип, көп иштеген адам гана бийиктикти багынтат. Белгилүү саясатчылардын, улуу жазуучулардын өмүр баяндарын окуп ушуну түшүндүм. Адольф Гитлер, Иосиф Сталин, Франклин Рузвельт сыяктуу дүйнөлүк саясатчылардын өмүр баяндарын көп окудум. Анан да философиялык китептерге жакынмын.






"Коррупцияга жакын болсом, менде үй, машина көп болмок" дейт Дастан Бекешев

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(36)
11.02.2014. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негизи кыйын депутат. Абдан сыйлайм. Келечекте Кыргызстан учун коп нерселерди жасайт деп ойлойм.
"Учурда 50 мин сомдун тегерегинде айлык алам. Албетте, жетиштүү деп айта албайм, бирок жашаса болот" ... кызы...ы...ык. Анын устуно алардын коптогон чыгымдарымамлекет тарабынан каржыланат. 50 мин сом менен ошондой созду айтса, анда биз, мугалимдер кантип жашап журобуз деген суроого жооп таба албай отурам.....???????????
15.02.2014. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
eraly, негизи адам канчалык коп тапса, ошончолук коп расход болот окшойт, 10 мин тапканы деле жетпейт дейт, 50 мин тапканы деле жетпейт дейт...
11.02.2014. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ишине ийгилик Дастан кудай ден соолугунду берсин...
11.02.2014. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура. Акча,бийлик,байлыктын тубуно эч ким жеткен эмес. Жетпейт дагы.
SUPER.KG видео
11.02.2014. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Алла таалам ниетинизге жеткирсин!!! Кызыныздын артынан дагы лялькалар келсин!!! Бактылуу болунуз!!!
11.02.2014. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kozunuz achyk bolboso dagy jurogunuz achyk eken barakelde
SUPER.KG видео
11.02.2014. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы маек болуптур,бир аз кыргызчасы жетбей калып жатты,ишинизге ийгилик Дастан Бекешов!
SUPER.KG видео
11.02.2014. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сиздей журогу таза адамдар кыргыз учун керек Кудай тилнгинизди берсин
SUPER.KG видео
11.02.2014. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ушул депутаттын чынында эмгеги кучтуу,анткени коруп жаткан адамдар уурулук,тоноочулук кылып мамлекетке эмес озунун уй-булосуно пайда алып кире албаганына зээнин кейийт экен.ийгилик сизге,уй-булолук бакыт!коррупцияны жогото албаса да ичин жылыйт экен маектерне.кана эми жок дегенде депутаттардын 50%ы ушундай болсо мамлекет алдыга жылмак бир аз болсо да.
SUPER.KG видео
12.02.2014. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудай тилегинизди берсин. Ушундай депутаттар кобойсо олко онолмок. Кыргызчадан кыйналса да кыргыз тилинде маек куруптур. Азамат.
SUPER.KG видео
12.02.2014. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Депутат деп айтууга болот! башкаларга караганда так тазаз айкын суйлойт экен! Аман эсен болунуз.Сиздей адамдар саясаттка коп болсо жакшы болоор эле.Арам иштен алыс болунуз адам баласы 5 минутада бузулат
SUPER.KG видео
12.02.2014. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец адам экен ишинизге ийгилик
SUPER.KG видео
12.02.2014. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ойлогон ойунузга тилеген максатынызга жетиниз
SUPER.KG видео
12.02.2014. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аракетке берекет дегендей,Депутат болгондон кийин кыргызча жакшы суйлоп калыптыр.Кызыныздын омуру узун,ден-соолугу чын кыздардан болуп чонойсун.
SUPER.KG видео
12.02.2014. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эн сонун маек.Иштеринизге ийгилик,уй-булоолук бакыт!
SUPER.KG видео
12.02.2014. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Дастан байке..мен сизди Кыргызча суйлобойт деп жек корчумун корсо сиз Кыргызча так суйлойт экенсиз..а емне учун Парламентте таакыр Кыргызча суйлобойсуз? себеби эмне?
12.02.2014. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азиздердин журогу ак жана таза болот, Козу коргон адамдардын журогу кобунуку сокур болот.
Ден соолук бакыт берсин, ак жол- башкалар да улгу алышса. жанталашып эмгектенип эртен байлыгым бийлигим жок не кылам деп коркуп ар кимге жагалданбай - коркпостон алысты коргон озуно ишенген ДЕПУТАТ бар болунуз
12.02.2014. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин тааныштардын баласы да кичинесинен козу азиз бирок эмне тармакты кармаса майын чыгарат, бут баардык жагынан онуккон, озу музыка жазат ыр чыгарат, юристе окуп жатат эл катары оз кучу менен экзамен тапшырып. умутубуз чон ал да Кыргызстандын онугушуно чон салым кошкон адам болот деген
SUPER.KG видео
13.02.2014. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жегиси келсе козу корбосо деле жей берет!! Бул андай адамдар дан эмес баардыгын оз кучу менен кылган азаматсыз Дастан байке ишинизге ийгилик женем менен бактылуу болунуз!!!
SUPER.KG видео
13.02.2014. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Козу корот экенго компютерде отуратго!
SUPER.KG видео
13.02.2014. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээээхх бир кэм дуйно ...
SUPER.KG видео
13.02.2014. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен Дастанды депутат болгонго чейин таанучум ото аракетчил чындыкты суйлогон жопжонокой адам. кыргызча жакшы суйлоп калыптыр азамат.Ойлогон ой максаттарына жетип бактылуу омур сурушун каалайм.Ата энеси ушундай адамгерчиликтуу жигитти остуруп бапестеп багып жакшы жолго бурганы- алар учун эн чон жетишкендик болсо керек
SUPER.KG видео
05.03.2014. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dodon,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
09.04.2014. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
окмот 50000 сом азда жетпей калат анан башка олколорго шылдын болобуз .биздин депутат ачка калса кооп эле берсенер жок дегенде 300000 сом эмне деп айтат экен мырза
SUPER.KG видео
06.06.2014. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы маек болуптур.ушундай интервюларды коргондо Кыргызстандын келечегине очуп бараткан умутум тутанат
28.08.2014. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ден соолугунуз чын болсун. Ишинизге ийгилик
03.05.2015. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте “"Депутаттарга" акча эч качан жетиштүү болгон эмес, болбойт дагы”
03.05.2015. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте беш кол тен эмес...
06.05.2015. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйын киши экен чындыгында азамат экен, Кудайымдын адиелттуулугуно эч качан шек жок Кудайыма шугур.
06.05.2015. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде элге иштейин деп эч ким депутат болбойт.Акча иштеп алайын деп болушат
30.08.2015. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандарынан кол узгондой эле суйлоптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: