Бакыт Бакетаев, серепчи: "Кыргыз-кытай чек арасында өлтүрүлгөн 11 адам үчүн 11 кыргыз чек арачысын жок кылуу менен өч алам" дегендерди күч менен токтотуу кыйын"
Бир нече күн мурун “Биз жакында 11 чек арачыны жок кылабыз!” деген кат Vesti.kg сайтынын электрондук почтасына келип түшкөн. Анын кыргыз-кытай чек арасында өлтүрүлгөн 11 жарандын ордуна кыргыз тараптан 11 адамды жок кылабыз (11=11) деген таризде жазылганы белгилүү болгон.
Күч органдары ал каттын ээси Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун тургуну Илимбек Беков экендигин аныкташкан. Ал ошол районго караштуу Хотан шаарында жашайт. Бул боюнча учурда эч кандай иштер жүрбөгөнүн ИИМдин жана УКМКнын басма сөз кызматтары тастыкташты.
Ал эми серепчи Бакыт Бакетаев: “Кандайдыр бир коркунучтардын учу билиндиби, ага баарыбыз чара көрүшүбүз керек. Эгер кат келсе, аны менен барып сүйлөшүү кажет. Мындайларды күч менен эмес, акыл менен токтотуу маанилүү. Балким, алар бир жерден жаңылып жатышкандыр. Сүйлөшүү жолу менен чечсе болот”,- дейт.
Эске сала кетсек, 23-январда эртең мененки саат 10дордо Кытай менен чектешкен Ысык-Көл чек ара кошуунунун жоопкерчилигиндеги Жети-Өгүз районуна караштуу «Ак-Шыйрак» тилкесинде Кыргызстандын чек ара кызматы менен белгисиз адамдардын ортосунда атышуу болгон.
Айрым маалымат булактары аларды Синьцзян-Уйгур автономдук облусунан келген экстремисттер дешүүдө. Алар облус боюнча аңчылар коомчулугунун башчысы Александр Барыкинди мууздап, анын аңчылык куралын тартып алышкан.
Кийин окуя болгон жерге келген чек арачыларга ок чыгарышкан. Ошол күнү кечинде кыргыз чек арачылары тарабынан 11 белгисиз адамдын баары жок кылынган.



эле элди коркуткусу келгендер булар Бакиевтер. Эгер сепаратисттер олтургусу келсе же оч алгысы келсе келип эле кол сала бермек да. калп э
ле шоу кылып вестиге кат жазуу бул, Бакиевчилер, АКШ менен биригип, Бизде ызы-чуу чыгараны коздоп жатышат. бирок алардын колдорунан пок да келбейт.