Ош мамлекеттик университетинде "14-Февраль - Сүйүү күнүн майрамдоо керекпи?” деген темада талкуу өтөт
Эртең, 13-февралда Ош мамлекеттик университетинин тарых-юридика факультетинде “14-Февраль - Сүйүү күнүн майрамдоо керекпи?” деген темада талкуу өтөт. Бул тууралуу аталган университеттин өкүлү Замир Божонов билдирди.
“Азыркы учурда студенттер 14-Февраль - Сүйүү күнүн майрамдоо керектигин айтып жатышса, дин өкүлдөрү карама-каршы пикирин билдиришүүдө. Ошондуктан биз бул нерсени талкууга алуу максатында ушул иш-чараны өткөзүп жатабыз. Өзүңөр билгендей, коомдо аталган майрамды талкууга алгандар өтө көп”,- деди Божонов.
Талкууга дин ишмерлери, окуу жайлардын жектекчилери жана студенттер катышышат.
Айта кетсек, иш-чара Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















