Теңге арзандап, Кыргызстандын валюта рыногуна 27 миллион доллар чыгарылды. Учурда 1 доллар 51,24 сомду түзүүдө
Казак теңгесинин девальвациясына (арзандашы) байланыштуу өлкөдөгү валюта рыногуна 27 миллион доллар чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда КРнын Улуттук банкынын жетекчисинин орун басары Абдыбали- тегин Сүйөркул маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мындай кадам сомдун курсун тең салмакта кармап туруу үчүн жасалган. Муну менен сомдун курсунда кескин өзгөрүүлөр болбойт.
Улуттук банктын маалыматына караганда, учурда 1 доллардын баасы - 51,24 сом, 1 евро – 70,06 сом, 1 орус рубли – 1,47 сом, 1 теңге – 0,27 сом.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















