super.kg logo

Боомдогу кылмышка шектүүлөр жана аларга жардам берген адам Жаңы жыл астында жеке ишкердин уулун курал менен коркутуп тоноп кетишкен

 
Боомдогу кылмышка шектүүлөрдүн көмөкчүсү Рустам Бурканов
Боомдогу кылмышка шектүүлөрдүн көмөкчүсү Рустам Бурканов
Бул буюмдар Рустам Бурканов кармалганда анын жанында табылган
Рустам Буркановдун үйүндө табылган жасалма сакал, үч уюлдук телефон жана паспорттор
Рустам Буркановдун үйүндө табылган мылтык жана уюлдук телефондорго көптөгөн сим-карталар
Рустам Буркановдун үйүндө табылган мылтыктын октору
Боомдогу кылмышка шектүүлөрдүн көмөкчүсү Рустам Буркановдун айдоочу күбөлүгү
Рустам Буркановдун үйүндө табылган милициянын старшинасынын погондору
Жаңы жылдын астында Бишкекте жеке ишкердин батирине кирип,ушул тапанча менен 10 жаштагы баланы коркутуп, 50 миң АКШ доллар уурдашкан

“Боом капчыгайында милиция кызматкерлерине ок чыгаргандарга көмөк көрсөткөн” деген шек менен 43 жаштагы Рустам Бурканов кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин башчысынын орун басары Айбек Жайлообеков билдирди.

Анын айтымында, 2013-жылдын 31-декабрында Боомдогу кылмышка шектүүлөр жана аларга жардам берген Рустам Бурканов Бишкекте жеке ишкердин батирине кирип, үйдө отурган 10 жаштагы баланы курал менен коркутуп, 50 миң АКШ долларын уурдап чыгышкан.

“2014-жылдын 6-февралында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан Учкун жаңы конушунда жашаган Рустам Бурканов кармалган. Анын жанынан кара түстүү кол кап, бет кап, баштык, тапанча жана милициянын старшинасынын погондору табылган. Үйүндө көптөгөн сим-карталар, паспорттор, жасалма сакал, мылтык жана анын октору болгон. 1971-жылкы Рустам Бурканов Боомдогу кылмышка шектүүлөр Заур Магомедов жана Бердимурат Арчаевге жардам берип келгенин мойнуна алды”,- деди Айбек Жайлообеков.

Эскерте кетсек, 9-февралда саат 17:00 чамасында Тоң районунун Көк-Мойнок айылында күч органдары тарабынан BMW үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Бирок алар ага болбой качып кетишкен. Милиция кызматкери менен жол-кайгуул кызматкери аларды кууп барып токтотушканда, BMW унаасынын ичиндеги белгисиз адамдар аларга ок чыгарышкан. Натыйжада бирөөсү каза болуп, экинчиси жараат алган. Кылмышка шектелгендердин унаасынын дөңгөлөгү жарылып калгандыктан, ошол эле жерден башка Ауди үлгүсүндөгү унааны тапанча менен коркутуп токтотушуп, айдап качып кетишкен. 10-февралда саат 18:00 чамасында алар Токтогул шаарынан чыга бериш жердеги “Бабур” кафесинин жанында өлтүрүлгөн.






Милиция кызматкерине ок чыгарган кылмышка шектүүлөр жок кылынды

Автор: Динара Абдыкадырова
Оператор: Азамат Бакиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(39)
12.02.2014. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Муну дагы атып салгыла.Биздин олкого мындай преступниктердин кереги жок,"Кыргызстанда жыргал экен,Эч ким эч нерсе дебейт экен"деп жайланышып алгандарын.
ayaza түзөттү 12.02.2014 17:50
12.02.2014. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындайларга олум!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: