super.kg logo
  Саясат  

Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу боюнча экспертиза жүргүзүү үчүн Казакстан жана Өзбекстан менен макулдашуу жүрүп жатат

 
Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу боюнча экспертиза жүргүзүү үчүн Казакстан жана Өзбекстан менен макулдашуу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган министрликтен маалым болгондой, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ТИМге Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу боюнча экспертиза жүргүзүү тууралуу маалымат берүү тапшырмасын берген. Анткени үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрындагы Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекке болгон сапарында орус жана кыргыз өкмөттөрүнүн ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна экологиялык экспертиза жүргүзүү келишимине кол коюлган. Өзбекстан жана Казакстандын бул көз карандысыз экспертизага катышуусу келишимдин талаптарынын бири болуп саналат. Ага ылайык, өзбек жана казак тарап менен макулдашуу жүрүп жатканын ТИМден маалымдашты. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: