super.kg logo
  Спорт  

АФКнын Чакырык кубогунда Кыргызстан “А” тайпасынан орун алды

 

Кечээ, 12-февралда Мальдив аралдарында АФКнын Чакырык кубогунун финалдык баскычы үчүн чүчү кулак ташталып, 8 команда төрт-төрттөн 2 тайпага бөлүштүрүлдү. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан курама командасы Мальдив аралдарынын курама командасы, Палестина жана Мьянма курама командалары менен “А” тайпасында орун алды.

Кошумчалай кетсек, АФКнын Чакырык кубогунун финалдык оюндары 19-30-май аралыгында Мальдив аралдарында өтөт. Тайпалардан эң мыкты көрсөткүчкө ээ болгон экиден команда жарым финалда кездешишет. Мелдештин жеңүүчүсү 2015-жылы Австралияда өтө турган Азия чемпиондугуна жолдомо алат.

Кыргызстан курама командасы 1-турда Палестина курама командасы менен, 2-турда Мальдив аралдарынын курама командасы менен беттешет. 3-турда Кыргызстан-Мьянма беттеши орун алат.   

“А” тайпасы

Мальдив аралдары

Палестина

Кыргызстан

Мьянма

“В” тайпасы

Түркмөнстан

Филиппин аралдары

Ооганстан

Лаос 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: