super.kg logo

Кемин районунун Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

 

Кемин районунун Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган айыл өкмөтүнүн кызматкерлери “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айыпталып жатышат.

2012-жылы А.Токомбаев атындагы мектептин капиталдык ремонту үчүн 3 миллион 500 миң сом акча бөлүнгөн. Бирок мектеп толук оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. 

Жалган акт түзүшүп, калган акчаны эсептен чыгарып салышкан. Иликтөөнүн жүрүшүндө мамлекет 2 миллион 905 миң сом зыян тартканы белгилүү болгон. 

Учурда Кемин райондук прокуратурасы бул факты боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары жүрүп жатат.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.02.2014. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар! Жегиле дагы. Айрымдар мектепке акча болдуро албай жатса, булар даяр акчаны туура иштетпептир
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: