2013-жылы "Милдеттүү медициналык камсыздандыруудагы мамлекеттик кепилдик" программасына 10,2 миллиард сом сарпталды
2013-жылы "Милдеттүү медициналык камсыздандыруудагы мамлекеттик
кепилдик" программасына 10 миллиард 204 миллион сом сарпталды. Бул тууралуу
бүгүн, 13-февралда КРнын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы
Гүлмира Шакирова билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Анын айтымында, мамлекеттик кепилдик үчүн
республикалык бюджеттен каралган каражаттан 78 пайыз же 7 миллиард 995,1
миллион сом багытталган. Анын 1 миллиард сому жергиликтүү бюджеттен каралган. Калган
каражат калкка кошумча төлөм катары берилген.
Аталган фонд 4 миллионго жакын
адамды медициналык жардам менен камсыздайт. Алардын басымдуу бөлүгү
пенсионерлер, 16-18 жашка чейинки балдар, дыйкандар камсыздандыруу боюнча
атайын документ алышат. Качкындарга Бириккен Улуттар Уюмунун
атайын башкармалыгынан взнос түшүп турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

