Ош шаардык билим берүү башкармалыгы: Мектептерде 14-Февраль - Сүйүү күнүн белгилөөгө убакыт жок
Мектептерде 14-Февраль - Сүйүү күнүн белгилөөгө убакыт жок. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов билдирди.
Ал өз сөзүндө Сүйүү күнүн белгилөөнүн ордуна окуучулар үчүн пайдалуу иш-чаралар өткөрүлөрүн белгилеп өттү.
"Советтер Союзунун жоокерлеринин Ооганстандан чыгарылгандыгына быйыл 25 жыл болду. Буга байланыштуу шаарда чоң салтанат белгиленгени турат. Ошого биз мектептерде 14-15-февраль күндөрү жолугушуу уюштуруп, Ооган согушуна катышкан ардагерлерибизди чакырып, салтанаттуу азем өткөрүүнү пландап жатабыз. Ал эми Сүйүү күнүн өткөзүүгө бизде убакыт жок",- деди Кимсанов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
2

