super.kg logo
  Саясат  

Исмаил Исаков өкмөт башчыга: “Туура сүйлөңүз, Убактылуу өкмөттүн бийлиги бар үчүн Ош окуясы 4 күндө токтоду”  

 

Жогорку Кеңештин 13-февралдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевди туура сүйлөөгө чакырды.

“Өкмөт башчы туура эмес сүйлөп алды. Билбесе айтып коёюн, Убактылуу өкмөттүн бийлиги 2010-жылдын 8-апрелинде эле орногон. Убактылуу өкмөттүн бийлиги бар үчүн Ош окуясы 4 күндүн ичинде токтоду. Мындай нерсе дүйнөдө болгон эмес. Убактылуу бийликтин күчү болбосо, кантип дирекция түзүлөт эле? Кантип жейт эле? (Ж.Сатыбалдиевди айтты) Мына, жегендерин азыр карап отурабыз. Сүйлөгөндө ойлонуп туруп сүйлөйлү”,- деп кызууланды Исаков.

Муну төрага да колдоду. “Ооба, Жантөрө Жолдошович "бийлик азыркыдай күчтүү эмес болчу" деген ойду айткысы келди окшойт. Ал учурда Убактылуу өкмөттүн бийлиги болгон”,- деди ал.

Жыйында Жантөрө Сатыбалдиев “Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция түзүлгөн учурда түштүктө Убактылуу өкмөттүн бийлиги орной элек болчу” деген эле.

Айта кетсек, жыйында аталган дирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы каралууда. Мекемени убагында азыркы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев башкарып турган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: