super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү массалык маалымат каражаттарынан өз дарегине жалган жалаа жапкан кишини сотко берди

 

Кечээ, 13-февраль күнү өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубали Төрөмаматов өзүн Кадыржан Батыровдун мүлкү боюнча демилгелүү топтун жетекчиси катары тааныштырган Анарбай Орозовду сотко берди. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-февралда массалык маалымат каражаттары аркылуу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн дарегине эч бир негизсиз, чындыкка дал келбеген, жалган маалыматтарды таратып, анын өздүгүнө, адамдык ар-намысына, абийирине шек келтирип, ишкердик беделин түшүрүүчү маалыматтар менен моралдык зыян келтирген.                

"Анарбай Орозов жогоруда көрсөтүлгөн Бишкек шаарындагы маалымат агенттиктердин биринде чындыкка дал келбеген маалыматтарды билдирген. Ал бүтүндөй Кыргызстандын аймагына интернет булактары жана массасалык маалымат каражаттары аркылуу таркады. Менин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү катары ишмердик беделимди түшүрдү. Андыктан мага келтирилген моралдык зыяндын өлчөмүн 1 миллион сомго баалайм",- деди Төрөмаматов.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл өндүрүлгөн акча каражатын Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине которорун билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: