Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолун оңдоого 192 миллион доллар жумшалды
Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолун оңдоого 192 миллион доллар жумшалды. Муну бүгүн, 14-февралда Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди. Жолду оңдоо иштери (1-фаза. 9-103-чакырымы, 2-фаза. 103-148-чакырымы, 3-фаза. 214-272-чакырымы) толук аяктады.
“Бул иштер белгиленген мөөнөттөн 10 айга эрте бүткөрүлдү. Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы тарабынан 200 миллион доллар бөлүнсө, жолду оңдоо иштерине 192 миллион доллар жумшалды. Бул келишимдин баасынын 96,2 пайызын түзөт”,- деп маалымдады министрлик.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















