super.kg logo

Мамлекетке 2,5 миллион сомдон ашык зыян келтирген Токмок аймактык ооруканасынын жетекчилигине кылмыш иши козголду

 
Токмок аймактык ооруканасынын жетекчилиги мамлекеттик казынага зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, Токмок аймактык ооруканасында жүргүзүлгөн тендердин мыйзамдуулугу текшерилген. 
Анда 2011-жылы ноябрь айында мамлекеттик сатып алууларда мыйзам бузуу менен медициналык жабдыктарды алып келүү боюнча тендер өткөрүлгөн. 
Андан утуп чыккан “А” фирмасы ашыкча чыгым сарптап, республикалык бюджетке 2,5 миллион сом зыян келтирген. 
Аталган факты боюнча Токмок шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: