Ахматбек Келдибековдун СИЗОдо отуруу мөөнөтү 27-мартка чейин узартылды
Жогорку Кеңештин “Ата Журт” фракциясынан депутаты Ахматбек Келдибековдун СИЗОдо отуруу мөөнөтү 27-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда КРнын Жогорку Сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Октябрь райондук сотунун көчмө жыйынында судья, прокуратуранын доосун териштирип, Ахматбек Келдибековдун СИЗОдо отуруу мөөнөтү 2014-жылдын 27-мартына чейин узартылды.
Эскерте кетсек, депутат Ахматбек Келдибеков “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “коррупция” беренелеринин негизинде күнөөлөнүп жатат. Учурда ал Бишкектин №4-шаардык ооруканасында дарыланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















