2014-жылдын май айында Бишкекте түрк тилдүү өлкөлөрдүн инженер жана архитекторлорунун курултайы өтөт
2014-жылдын май айында Бишкекте түрк тилдүү өлкөлөрдүн инженер жана архитекторлорунун “Материкти багындырган долбоорлор” аттуу курултайы өтөт. Муну бүгүн, 14-февралда Бишкек шаардык мэриясы билдирди. Курултайды өткөрүүгө Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги колдоо көрсөтүп, ага окумуштуулар, коомдук ишмерлер катышмакчы. Иш-чарада инженердик, архитектуралык долбоорлор, шаар куруунун алдынкы стандарттары каралат.
Курултайдын резолюциясында белгиленчү “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аталышына 2015-жылы Бишкек шаары көрсөтүлмөкчү. Бул аталыш 2012-жылы Казакстандын Астана шаарына, 2013-жылы Түркиянын Эскишехир шаарына, 2014-жылы Татарстандын Казань шаарына берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















