Ысык-Ата районунда "4 жашар кызымды мурдагы күйөөм белгисиз жакка алып кетти" деген аял милицияга кайрылды
Кечээ, 13-февралда "мурдагы күйөөм менен урушуп кетип, ал 4 жашар кызымды белгисиз жакка алып кетти" деген аял Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБине кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Чүй облусунун ИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кайрылуудан соң милиция кызматкерлери бир сааттын ичинде кылмышка шектүүнүн турган жерин таап, кызды энесине беришкен. 31 жаштагы аялдын мурдагы күйөөсү милицияга алынып келди.
Бул факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Кармалган адам “өзүм билемдик” беренеси боюнча жазага тартылышы мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.