20-февралда Бишкекте эмгек жарманкеси өтөт
Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги 20-февралда Бишкекте эмгек жарманкесин өткөрөт. Муну 14-февралда Бишкек мэриясы билдирди. Жарманкенин максаты - Октябрь районундагы мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө кесиптик багыт берүү, калкты тиешелүү маалымат менен камсыз кылуу, жарандарды кесиптик билим алууга чакыруу.
Иш-чарага шаардык кесиптик-техникалык лицейлердин жамааты катышып, кесиптер жөнүндө түшүнүк беришет. Октябрь районундагы 16 орто мектептин бүтүрүүчүлөрү, 20га жакын ишкана-мекемелердин өкүлдөрү катышат. Келген жарандар керектүү кеңештерди, сунуштарды жана бош кызматтар жөнүндө маалыматтарды ала алышат. Жарманке саат 10:00дө Көк-Жар конушундагы №88-орто мектепте өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















