Бүгүн, 15-февраль - Ооганстандан советтик аскерлерди чыгаруу операциясы аяктаган күн
Бүгүн, 15-февраль - Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылып бүткөн күнү. Советтик куралдуу күчтөрдү чыгаруу 1988-жылдын 15-майында башталып, операция 9 айга созулган. 1979-жылы СССРдин аскер бөлүктөрү жаңы түзүлгөн Ооган өкмөтүн моджахеддерден коргоо, укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө көмөк көрсөтүү үчүн Ооган жерине киргизилген. 10 жылга созулган согушка 1 миллионго жакын советтик аскер катышып, 20 миңдейи каза тапкан. 30 миңдей жоокер жаракат алып, майып болушкан. 1 миллиондой ооган эли кырылган.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















