super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 25 жылдыгы белгиленди (фоторепортаж)

 
КРнын Улуттук Гвардиясынын жоокерлери
Ооган согушунун ардагерлери жана алардын туугандары биринчи катарда отурушту.
Ооган согушунда каза тапкандардын тизмеси
Ооган согушунун ардагери
Ооган ардагерлерине жана согушта курман болгондордун туугандарына гүл тапшырылды.
Улуттук Гвардиянын оркестри
КРнын Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев: "Ар бир согуштун бүтүшү майрам болуп эсептелинет. Биздин мекенибизде эч качан согуш болбосун. Ооган согушунун ардагерлери биздин жаңы муундарга ар дайым үлгү болуп кала берсин".
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев: "Ооган жоокерлери 2005, 2010-жылдардагы мекенибизде болгон баш аламандыктарда биринчи катарларда болуп, четте калбай, өздөрүнүн салымын кошуп жатышты".
КРнын Улуттук Гвардиясынын жоокерлери
Ооган согушунда курман болгон аскердин энеси
Эскерүү күндүн катышуучулары иш-чара соңуна келгенде Ооган согушунда курман болгондордун эстелигине гүл коюшту.
Эскерүү күндүн катышуучулары иш-чара соңуна келгенде Ооган согушунда курман болгондордун эстелигине гүл коюшту.
Бүгүн, 15-февралда Бишкек шаарынын "Ататүрк" багында Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 25 жылдыгына карата эскерүү аземи болуп өттү. Ага күч органдары менен КРнын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү, Ооган согушунун ардагерлери, согушта курман болгондордун туугандары, Улуттук Гвардиянын аскерлери жана мектеп окуучулары катышышты.
КРнын Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев: "Ар бир согуштун бүтүшү майрам болуп эсептелинет. Биздин мекенибизде эч качан согуш болбосун. Ооган согушунун ардагерлери биздин жаңы муундарга ар дайым үлгү болуп кала берсин",- деп куттуктап, эскерүү иш-чарасын ачып берди. 
Ооган согушунун ардагери, генерал-полковник Абдыгул Чотбаевдин айтымында, Ооганстандагы согуш тууралуу ар түрдүү, бири-бирине каршы сөздөр айтылууда.  
"Айрымдар советтик аскерлерди баскынчылар деп күнөөлөп, Ооган согушу маанилүү эмес болгон дешет. Бирок биз Ооган өкмөтүнө жардам берүү жана укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө көмөк көрсөтүү максатында ал жакка барганбыз",- деди Чотбаев.
Жогорку Кеңешинин депутаты Кожобек Рыспаев парламенттин атынан ардагерлерди куттуктап: "Ооган жоокерлери 2005, 2010-жылдардагы мекенибизде болгон баш аламандыктарда биринчи катарларда болуп, четте калбай, өздөрүнүн салымын кошуп жатышты",- деп билдирди.
Эскерүү иш-чара соңуна келгенде Ооганстанда курман болгондордун эстелигине катышуучулар гүл коюшту.
Эскерте кетсек, бүгүн, 15-февраль - Ооганстандан Совет аскерлеринин чыгарылып бүткөн күнү. Советтик куралдуу күчтөрдү чыгаруу 1988-жылдын 15-майында башталып, операция 9 айга созулган. 1979-жылы СССРдин аскер бөлүктөрү жаңы түзүлгөн Ооган өкмөтүн моджахеддерден коргоо, укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө көмөк көрсөтүү үчүн Ооган жерине киргизилген. 10 жылга созулган согушка 1 миллионго жакын советтик аскер катышып, 20 миңдейи каза тапкан. 30 миңдей жоокер жаракат алып, майып болушкан. 1 миллиондой ооган эли кырылган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: