Ош. Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 25 жылдыгы белгиленди (фоторепортаж)
Токтогул сейил багында бүгүн, Ооганстандан чыгарылгандыгына быйыл 25 жыл толуп ардагерлерди эскерүү аземи


Токтогул сейил багында бүгүн, Ооганстандан чыгарылгандыгына быйыл 25 жыл толуп ардагерлерди эскерүү аземи

Ооган согушунан кайтпай калган жоокерлерге гүл коюлду

Иш-чаранын катышуучулары

Ооган согушунан кайтпай калган жоокерлерге гүл коюлду

Мэр Айтмамат Кадырбаев

Аскерлер

Согуштан кайтпай калган жоокерлерди эскерүү үчүн бир мүнөт чынчтануу болду

Иш чарадан аскерлер

Аскерлер

Ооган согушунун аскерлери үчүн сый тамак уюштурулду
Бүгүн, 15-февралда шаардагы Токтогул атындагы сейил багында Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 25 жылдыгына карата ардагерлерди сыйлоо аземи болуп өттү. Ага мэр Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов жана шаар жетекчилери катышты.
Айтмамат Кадырбаев ардагерлерди куттуктап, аларга бекем ден соолук каалады.
“Урматтуу жоокерлер, советтик армиянын Ооганстандан чыгарылгандыгына быйыл 25 жыл болду. Ооган согушуна катышкандарга, элинин тынчтыгы үчүн жанын берип, мекенине кайтпай калган жоокерлерге дайыма башыбызды ийип таазим этебиз. Бүгүнкү татыктуу жашоону, алдыга умтулууга үндөгөн сиздерсиздер, урматтуу жоокерлер”,- деди мэр.
Ардагерлер үчүн акчалай сыйлыктар тапшырылып, сый тамак уюштурулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

