Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаардык башкармалыгы республика боюнча "Эң мыкты жамаат" деп табылды
Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаардык башкармалыгы республика боюнча «Эң мыкты жамаат» аталып, өтмө кызыл тууну кайрадан өздөрүнүн эмгек жамаатына алып келишти. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мындан сырткары Мамлекеттик салык кызматынын 1-даражадагы диплому жана 100 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Салык кызматынын Жалал-Абаддагы башкармалыгынын башчысы Касымжан Дыйканбаевдин айтымында, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин план тапшырмасын ашыгы менен аткаргандыгынан улам ушундай сыйлыкка татыган. 2012-жылга салыштырмалуу 2013-жылы салык 79 миллион 676 миң сомго ашыкча жыйналган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















