Мэрия: "Ош базарынын" айланасында баш аламан соода кылууну токтотуу аракети уланууда
Бишкек шаарындагы "Ош базарынын" айланасында баш аламан соода орундарын жана жол жээгине токтогон автоунааларды алуу аракеттери уланууда. Муну мэриянын маалымат кызматы билдирди. Текшерүүнү Ленин райондук администрациясынын өкүлдөрү РИИБ жана Жол-кайгуул кызматынын өкүлдөрү менен бирге жүргүзүүдө. Көчөгө араба коюп соода кылып жаткан 15 жаранга административдик айып салынганы белгилүү болду. Рейд улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

