super.kg logo

“Тамашоу”: “No name” курама командасынын оюнчусу Икрам образын шакиртине өткөрүп берди

 
Бүгүн, 16-февралда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоунун” Кышкы фестивалынын экинчи күнү өтүүдө.
 
 “Универсал” курама командасы толук форматта катышып жатат. Алар бул жолу эч кимдин жардамына муктаж эмес экенин устаттарына далилдөөнү чечишкенин билдиришти.  
“No name” курама командасынын оюнчулары шакирттерине “сабак” өтүп, түз жолго салып коюшту. Куйкум тамашалары менен эсте калган Икрам да образын шакиртине өткөрүп берди. Бирок “Универсалдын” балдарына Икрамдын тандоосу анчейин жакпады көрүнөт. “Сен мага окшош экенсиң, демек, мындан ары дайыма мени туурап, мага окшоп жүрөсүң. Бул муундан-муунга өтүшү керек. Мага Эрнест Абдыжапаровдон өткөн, мен сага өткөрөм” деген Икрамга шакирти чачы окшош эместигин айтып, кутулуунун жолун таап алды. Икрам “Эч нерсе эмес, үйлөнгөндө чачың да түшүп калат. Сен корко бербе, мен сен үчүн туруп берем. Ээ, жок, жаман ойлобо, мен башкача туруп берем” деп шакиртин ынандырды.

“Тамашарики” курама командасы адаттагыдай эле балдардын укугун коргоп чыгышты:  

“Ата-энелер балдарына “кошунанын баласы скрипкада ойнойт, пианинодо ойнойт” эле дей беришет. Биз аларга “анын атасы министр, мунун апасы депутат” дебейбиз го.

Мен чоңдорду түшүнбөйм. Кино көрөйүн десем кичинесиң дешет, мусор төгүүгө келгенде чоңсуң дешет”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
17.02.2014. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
быйыл чемпион но нейм болот!
17.02.2014. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
НО нейм мыкты деп таанылбаса да, барибир алардын тамашалары вообще супер, гранпри!
17.02.2014. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
NO NAME алат быйыл .албаса ойнобой эле койушун суранам судьялар честный судить этбей жатышат
19.02.2014. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Честны судялар болгондо,но нейм 2сезондо эле чемпион болмок,меенет жерде калбайт дейт го,буйурса болосунар чемпион!!!!!
02.03.2014. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kalystarda sa9sattyn awynan jep kalywkangooooo
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: