super.kg logo
  Саясат  

Депутат Равшан Жээнбеков өзү баштаган оппозициялык кыймылдын негизги милдеттерин жарыялады

 

Кечээ, 16-февралда Жогорку Кеңештин көз карандысыз депутаты Равшан Жээнбеков Facebook социалдык тармагындагы баракчасында өзү баштаган Улуттук оппозициялык кыймылдын төмөнкү 4 негизги милдетин жарыялады:

1)    Президенттик бийлик менен күрөшүү. Бул милдет үчүн анын ыйгарым укугун чектөө жана бийликтин тармактарын тең кылуу;

2)    Авторитардык режимге ээ болгон өлкөнү демократиялык мамлекетке айлантуу;

3)    Парламентаризмди колдоо жана бекемдөө, президенттин айрым ыйгарым укуктарын премьер-министрге өткөрүү;

4)    Жергиликтүү бийликке өкүмчүл жана каржы ыйгарым укуктарын берип, аны шайлануучу кылуу.

“Аталган максаттар КРнын Конституциясынын чегинде орундалууга мүмкүн. Ал эми стратегиялык максат - Түркия, Япония, Германия өлкөлөрүнүкүндөй толук парламентаризм жана бийликти борбордон ажыратуу (децентрализация)”,- дейт Жээнбеков.

Эскерте кетсек, "Эркин эл" партиясынын лидери, активист Мавлян Аскарбеков SUPER.KG порталына жаңы түзүлгөн оппозициялык кыйымылга Камчыбек Ташиев, Мелис Мырзакматов, Өмүрбек Суваналиевдин кирүүсү жөнүндө айтып берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: