super.kg logo

Бишкекте тааныш кызынын жигитине бычак сайып качып кеткен бала кармалды

 

15-февраль күнү саат 00:50 чамасында Ленин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарындагы Арча-Бешик жаңы конушунда белгисиз адам бычак менен жаракат алганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын ыкчам тобу барганда жабыркаган адам Бишкек шаарынын Ак-Өргөө жаны конушунун 26 жаштагы тургуну М.Бек экендиги такталган. Ал №4-шаардык ооруканага жетпей жолдо көз жумган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы Арча-Бешик жаңы конушунун 18 жаштагы тургуну Н. Жылдыз төмөндөгүдөй көрсөтмө берген. 

Анын айтымында, 2014-жылдын 14-февраль күнү кечки саат сегиздер чамасында сүйлөшүп жүргөн жигити М.Бек Жылдыздын үйүнө келген. Анан экөө чогуу Бишкек шаарындагы "Ататүрк" сейил багына барышкан. Эки сааттан кийин такси менен кыздын үйүн көздөй жол тартышкан. 

Жолдо Жылдыздын уюлдук телефонуна Эрлан аттуу тааныш баладан "кайра чал" деген кат келген. Ал кайра Эрландын уюлдук телефонуна чалганда үйүнүн жанында күтүп турганын айткан. 

М.Бек менен Н.Жылдыз таксиден түшүп, кыздын үйүнө жакындап калышканда алдынан Н.Жылдыздын Эрлан деген тааныш баласы тосуп чыккан. Колундагы бычагы менен М.Бекти коркутуп кууганда М.Бек көчөнүн ылдый тарабын көздөй качып жөнөгөн. Эрлан кууп барып, аркасына бычак менен сайып жиберген. Андан соң окуя болгон жерден качып кеткен.

Кылмышка шектүү жаран катары Чүй облусунун Жайыл районунун тургуну Н.Эрлан кармалып, убактылуу кармоочу жайка киргизилди. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
17.02.2014. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктуу суйуу баяны экен
17.02.2014. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jikos, эмнеси кызыктуу экен бул жерде адам олуп жатат
17.02.2014. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Камалсын, жатсын тvрмодо... Ал деген эркектик эмес, эгер кызды сvйс8 бычаксыз эле тартып алса болот, озунун жакшыы сапаттарын к8рс8тvп...
17.02.2014. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тим эле бычак менен шер болгон десе. Түрмөдө жатсын эми.
17.02.2014. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атып еле ташташ керек мындай адамдарды бироону олтурдунбу кек башын менен жооп бер.
17.02.2014. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин жаштар эмне болуп баратат "суйуу"...
бири асынып алса,экичиси адам олтуруп....
17.02.2014. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
14-февраль майрам дегендер мына майрам (какшык)
17.02.2014. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
14- февраль бул мусулмандардын майрамы эмес!!!
ким бул майрамды тутунуп тозуп жүргөн болсо да башка күндөр деле сүйүүңөрдү арнасаңар болот.

17.02.2014. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде кыз куноолу екен суйлошсо бироо м суйлошпойбу биринчисин паркка, екинчисин уйго запазга койбой еми отурсун екоонон тен жок.
21.02.2014. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишене албай турам дагы эле(((((((((((((((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: