super.kg logo
  Саясат  

"Түндүкэлектр": "Колдонуучулар декабрь айында электр энергиясын 9,5 миллион кВт саатка көп пайдаланышты"

 
"Түндүкэлектр" ишканасынын абоненттери декабрь айында электр энергиясын 9,5 миллион кВт саатка көп пайдаланышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, электр энергияны мындай көлөмдө пайдалануу авариялык өчүрүүлөргө алып келет. Декабрь айына карата электр энергия Бишкек шаарына 10,6 миллион кВт саат каралган. Бирок айдын биринчи жарымында эле 16,2 миллион кВт саат пайдаланылган. Кошумчалай кетсек, өкмөттүн токтомуна ылайык, өлкө тургундарына таңкы саат 06:00дөн 09:00гө чейин жана 19:00дөн 21:00гө чейин кубаттуулугу жогору электр мештерин колдонууга уруксат берилбейт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: