Ооганстанда Кыргызстандын элчилиги ачылды
Ооганстанга расмий иш сапары менен барган КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 15-февралда Кабулда Кыргызстандын элчилигинин ачылышына катышты. Муну Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Кыргызстан менен Ооганстандын дипломатиялык мамилеси 1999-жылдын 12-ноябрында башталган. 2002-жылы Бишкекте Ооганстандын элчилиги ачылган.
Эрлан Абдылдаев Кабул шаарында БУУнун Башкы катчылыгынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Ян Кубиш менен жолугушту. Анда Ооганстандагы кырдаал талкууланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

