super.kg logo
  Спорт  

“Жаш-Күч” клубу волейбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугунун 1-турун утуп алды

 

“Жаш-Күч” волейбол клубу уландар арасындагы Кыргызстандын клубдар аралык биринчилигинин 1-турун утуп алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда аталган спорт түрү боюнча федерациядан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында өткөн 1-турдун жыйынтыктоочу оюндарында 5 оюн орун алды. “Жети-Суу” клубу “Кочкорду” 3:0 эсебинде утса, “Жаш-Күч”-“Теңир-Тоо Замандаш”, “Чаткал”-“Дархан” жана “Тримекс”-“Сүлүктү-Шахтёр” оюндарында 3:1 эсептери катталды. “Улар” болсо “Талас-Шумкар” командасын 3:2 эсебинде утту.

Оюндардын жыйынтыгында, мелдештин 1-турунда “Жаш-Күч” командасы 6 оюндун баарында жеңишке жетишип, жеңүүчү аталды. 6 оюндун бешинде жеңишке жетишкен “Жети-Суу” жана “Дархан” командалары кийинки орундарды бөлүшүп келүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.02.2014. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Волейбол бойунча да жанылык болот екен е елдер,жакшы жанылык видеолорунан да киргизип койсонуздар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: