Ысык-Көл. Караколдо "Адам сатууга каршыбыз" аттуу акция өтөт
20-декабрь күнү саат 11:00дө Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театрда "Адам сатууга каршыбыз" аттуу акция өтөт. Бул тууралуу "Лидер" коомдук уюмунун төрайымы Банура Абдиева билдирди. Иш-чарада ЮСАИДдин жана Эл аралык миграция боюнча уюмунун адамдарды кулчулукка сатууга бөгөт коюуга багытталган маалыматтык программалары белгиленип, концерт менен коштолот. Айта кетсек, аталган акция "Лидер" коомдук фонду тарабынан уюштурулат. Ал эми аймактарда акысыз концерттер, сүрөт көргөзмөлөр өткөрүлмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

