Айыл чарба жана мелиорация министри: "Быйыл талаа иштери эрте башталат"
Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 17-февралдагы жыйынында өкмөттүн жазгы талаа иштерине даярдыгы талкууланды. Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиевдин айтымында, талаа иштери быйыл эрте башталат. "Аба ырайынын кескин ысып кетиши күтүлүп жатат, буга байланыштуу айдап-себүү иштерин тездетүү зарыл",- деди министр.
Депутат Эркингүл Иманкожоева тармактагы ири көйгөй сугат суунун тартыштыгы экенин белгилеп, бул боюнча тийиштүү иштерди өз учурунда жасоо керектигин айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

