Башкы прокуратура: Кыргызстанда аялдар жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук көбөйгөн
Бүгүн, 17-февралдагы коллегиялык жыйында башкы
прокурордун орун басары Темир Бекмамат уулу “Кыргызстанда аялдар менен
өспүрүмдөр жасаган кылмыштардын саны өсүүдө” деп билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка ылайык,
өлкө боюнча 2012-жылы 28 847, 2013-жылы 27 217 кылмыш
катталган. Жалпысынан кылмыштуулуктун деңгээли 5,7 пайызга төмөндөгөн. Аны менен
катар зордуктоолордун саны да азайган. Өткөн жылы 338 зордуктоо фактысы
катталган.
“Аялдардын арасындагы кылмыштуулук көбөйгөн. 2012-жылы айымдар
тарабынан 2043 кылмыш жасалса, 2013-жылы көрсөткүч 2148ди түзгөн. Ал
эми өспүрүмдөр катышкан кылмыштардын саны 2010-жылы 1206 болсо, 2013-жылы
1314кө жеткен”,- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

