Ош. Мэр “Жапалак” унаа базарынын курулушуна 33 миллион сом каражат сарпталып, алгылыктуу иш аткарылбаганын айтты
Бүгүн, 17-февралда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев «Жапалак» муниципалдык унаа базарынын кызматкерлери жана жашоочулар менен жолукту. Анда “Жапалак” унаа базарынын абалы менен таанышып, курулушка сарпталган 33 миллион сомго алгылыктуу иш аткарылбаганын айтты. Ошондой эле тез арада текшерүү үчүн тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.
Мындан сырткары Ош шаардык автобаза башкармалыгынын жетекчилиги менен жолугуп, ал жактагы көйгөйлөрдү чечүүнү убада кылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

